Москва шаарында Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азык-түлүк товарларынын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Орусиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде азык-түлүк көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Көргөзмөгө Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн айыл чарба азыктары коюлат. Мында кыргыздын тамак-аштары да сунушталат", - деп жазылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, жарманке Большая Ордынка көчөсү-62 дарегиндеги элчиликтин конок үйүндө саат 14:00дө башталмакчы.