Бүгүн Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү. Майрамга карата өлкөдө 16-17-декабрь - дем алыш күндөрү. 1991-жылы 16-декабрда Жогорку Кеңеш Казакстандын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алган. СССР кулагандан кийин Казакстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы болуп эгемендүүлүгүн жарыялаган.
1991-жылы 1-декабрда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн президенти болуп Нурсултан Назарбаев шайланган. 10-декабрда Казак Советтик Социалисттик Республикасы Казакстан Республикасы деп жарыяланган.
16-декабрга карата жылнаама.