Барак Обама: "Президенттик шайлоого кийлигишкен Орусияга чара көрөбүз"

АКШнын президенти Барак Обама президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн Орусияга карата чара көрөрүн NPR радиосуна билдиргенин "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.

"Менин оюмча, башка өлкөнүн бийлиги биздин шайлоонун калыстыгына таасирин тийгизип жатса, сөзсүз чара көрүү керек жана биз чара колдонобуз", - деген Обама АКШ өз ыңгайы келген учурда жооп кайтарарын билдирген.

"Анын кээ бирин ачыктаганга мүмкүн болсо, айрымдары ачыкталбайт. Путин менин оюмду жакшы билет, анткени мен аны менен бул тууралуу ачык сүйлөшкөм", - деп кошумчалаган президент.

Октябрь айында АКШнын чалгындоо уюму шайлоо системдерине болгон кибер чабуулдардын артында орусиялык хакерлер турганын жарыялаган. Кийинчерээк Борбордук чалгындоо башкармалыгы Москваны Дональд Трампты жеңишке жеткирүү үчүн Демократиялык партиянын серверлерин бузуп киргенине айыптаган.

Ал эми Дональд Трамп Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу маалыматтар күлкүлүү экенин айтса, Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвага коюлган айыпты далилсиз деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Revolyutsiya
2016-12-16 11:49:39
Обама ичи куйуп эмне кылаарын билбей жатат. Ал ордуна Хиллари келет деген бекем ишенимде болуучу. Трамптын жениши Обама учун кутуусуз болду. Трамп Обаманын саясатынын улантуучусу эмес, экинчиден Обаманын Оруссияга оч саясатын да улантууну каалабагандыгын Трамп шайланбай туруп айткан. Обама азыр 2 нерсенин устундо иштеп жатат: эптеп шылтоо таап Трампты "ээрден оодаруу", б.а. шайлоо жыйынтыгын мыйзамсыз деп таануу. Экинчиси тактан кеткиче Россияга болгон кысымды болушунча кучотуу..
+9
A3A
2016-12-16 20:43:53
Багы жокко дагы жок
0
nur_zhoni
2016-12-16 12:17:21
Трамп тузуксун жээним путин брат менен мамилени жакшырта бер
+8
mr.beka
2016-12-16 12:30:04
Обама ХХХ колундан бары бир эчтеке келбейт
+2
admin_portal
2016-12-16 12:36:25
mr.beka, этика нормаларын сактаңыз!
-2
azamat.k
2016-12-16 13:00:28
Брак Обама туз жала ич ачышса.
+2
bond
2016-12-16 13:03:23
Эээ жомокту суйлобогулочу Обама деле Трамп деле марионетки.
+1
ainura220888
2016-12-16 14:38:45
Бизде мине болсо эле Бакиев куноолу боло бергендей, Обамада эмне болсо Россияны куноолой берет.
+13
Cesar
2016-12-16 14:41:03
Убагында эсил кайран СССРди жегенсиңер.Анда Горбачевду күнөөлөдүңөр. Эми тактан кетип жатканда аброюң менен эле кетчи.
0
Revolyutsiya
2016-12-16 15:01:13
Cesar, СССР озунон озу кулап калган эмес, ошого шарт жаратып олкодо экономикалык жана саясий кризисти жаратканы учун Горбачев жана тонкорушту жасап, СССРди таркатуунун негизги демилгечиси Ельцин куноолуу... СССР кулагандан бери ошол 15 олкодо бир ууч эле байлар-чиновниктер жыргабаса, карапайым элге кыйын эле болду, айрыкча Орто Азия республикаларына...
+1
KGstan1981
2016-12-16 16:43:26
Бул деген 2017ж КРнда президентик шайлоодо Атамбаевтин шопуру же жансакчысы же КСДПнын бир депутаты президентике шайланбай калса Атамбаев буга Бакиев же Акаев кунолу алар биздин шайлобузга киришишти дегендей эледа))))
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан