"Ысык-Көл облусундагы быйылкы айдап-себүү иштерине 7349 тонна солярка жана 1887 тонна бензин талап кылынат",- деп билдирет өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата облустагы май куюучу бекеттерде солярка 39 сомдон сатылууда. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан Балыкчы шаарында жайгашкан мунай базадан арзандатылган баада солярка ташып келүү иши чечилүүдө.