Депутаттар Билим берүү министрлигине Финляндиядан үлгү алууну сунушташты

"Мектептерде чет тилдерин окутпай, келечектеги мигранттарды даярдап жатабыз", - деп бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, Европа мамлекеттеринде эмгек акысы жакшы жумуш орундары бөлүнүп турат. "Биздин мектеп бүтүрүүчүлөрүбүз англис тилин билбегендиктен, бул квоталарга ээ боло албай жатышат. Башка мамлекеттерде мектептерде англис тилин окутууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат", - деди Акаев.

Фракция лидери Иса Өмүркулов Билим берүү жана илим министрлигине Финляндиядан үлгү алууну сунуштады. "Финляндияда да кен байлыктары жок, бирок билим берүү тармагына басым жасалууда. Мындан улам мыкты илимий жетишкендиктерди көрүп жатат", - деди Өмүркулов.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Финляндияга өлкөнүн билим берүү тармагы менен таанышуу максатында иш сапары менен барып келерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан