ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: 19 жыл мурун "Покемон" мультфильмин телеканалдан көрсөтүү учурунда 685 баланын талмасы кармап, ооруканага жеткирилген

1997-жылы 16-декабрда Японияда "Покемон" мультфильминин 38-сериясын телеканалдан көрсөтүү учурунда 3 жаштан жогорку 685 баланын талмасы кармап, ооруканага жеткирилген. Ал окуя коомдо "Покемондордон шок" деген аталышка ээ болгон. Бул окуядан соң аталган мультфильмди көрсөтүүгө тыюу салынып, бирок 1998-жылы 16-апрелде көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча кайрадан көрсөтүлө баштаган.

38-серияда мультфильмдин каармандары компьютердин ичине киришип, коркунучтуу жандыктар-вирустар менен согушушат. Башкы каарман Пикачу электрдик жардыруу жасап, андан чыккан жаркыроодон улам мультфильмди көрүп жаткан балдардын баштары ооруп, көрүүсү начарлап, талманын ар кандай белгилери байкалган.

16-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
burulka1959
2016-12-16 17:43:00
Шумдугун кургур!
+3
nuriwka
2016-12-18 12:48:23
Биз деле корчубуз. Аябай кызык болчу ал учурда. А талмасы кармай турган эле мультфильм болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан