“Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир адам каза болсо, экөө оор абалда”. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Окуя 24-апрелде саат 03:15 чамасында борбор шаардагы Махатма Ганди-Васильева көчөлөрүнүн кесилишинде болуп өткөн. Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, рулду башкара албай жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон. Натыйжада айдоочусу каза болуп, ичиндеги 2 жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди. Учурда тийиштүү орган тарабынан кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.