Президент Алмазбек Атамбаев жыл аягына чейин расмий сапар менен Индияга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.
Маалым болгондой, Индияда тараптар саясий диалогдун мындан аркы өнүгүшүн, соода, аймактык коопсуздук жана эл аралык уюмдар алкагында өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашат. Ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейрасмий саммитине катышат. Январдын башында президент Кытайга сапар жасап, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.