1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин токтому менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни бекитилген. Сөзү акындар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевге, ал эми обону композиторлор Насыр Давлесов жана Калый Молдобасановго таандык.
Гимндин негизги мазмунунда кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилеги, басып өткөн жолундагы эрдиктери, элдердин достугу, бейпилчиликке жана эмгекке болгон умтулуусу чагылдырылган. Ошондой эле анда азаттыктын жолундагы кыргыз элинин бактылуу келечек турмушу даңазаланат.
18-декабрга карата жылнаама.