Бүгүн, 24-апрелде Бишкекте оппозициянын митинги өтөт

Оппозиция бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрөт. Анда негизги талаптардын бири - учурда иштеп жаткан "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу болмокчу. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча митингге ар бир облустан келген жүздөгөн адамдар катышат. Ошондой эле митинг учурунда коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлгө алат.

Эске салып кетсек, оппозиция 24-мартта Жалал-Абад шаарында курултай өткөрүп, бийликке бир нече талаптарды койгон. Алардын катарында "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу, камактагы "ата журтчу" депутаттарды бошотуу талаптары айтылган. Ошондой эле коюлган талаптардын аткарылышы үчүн бир ай мөөнөт бере тургандыктарын, эгер аткарылбаса жер-жерлерде элдик бийликти орното тургандыктарын айтып тарашкан. Ал курултайдын башында ЖКнын депутаттары Ахматбек Келдибеков менен Равшан Жээнбеков, коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров жана башкалар турган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан