Милиция кызматкерлери Базар-Коргондо ири өлчөмдөгү баңгизатын колго түшүрүштү

Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 15-апрель күнү саат 01:30 чамасында Базар-Коргон районунун аймагында Майлуу-Суу шаарынын тургуну 33 жаштагы А.С. болжол менен салмагы 1,5 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде аталган ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармалуучу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Эгерде А.С. күнөөлүү деп табылса, 2-5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан