ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: 14 жыл мурун Аксы окуясынан окко учкандарды эскерүү митинги өткөрүлгөн

2002-жылы 19-декабрда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 17-18-марттагы Аксы окуясынан окко учкандарды эскерүү митинги өткөрүлгөн. Митинг соңунда ошол кездеги президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына кайрылуу кабыл алынган. Кайрылууда Аксы окуясына тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн соттоп, жогорку кызматчыларды жоопко тартуу талабы коюлган.

Эскерте кетсек, 2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулар Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтотушкан. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан 5 киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон, уруп-согулган.

19-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан