Өмүрбек Текебаев: "Кумтөр" келишими боюнча Азимбек Бекназаров киргизген сунуш туура эмес"

“Кумтөр” келишими боюнча Азимбек Бекназаров киргизген сунушту туура эмес деп эсептейм”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. Депутаттын айтымында, Азимбек Бекназаров аталган алтын кенине байланыштуу 2009-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимди жокко чыгарууну сунуштоодо. “Мен мындай сунушка макул эмесмин. 2009-жылы түзүлгөн келишим гана эмес, 2003-жылы түзүлгөн келишим дагы жокко чыгарылышы керек. Бекназаров кайрадан 2003-жылы түзүлгөн келишимге токтололу деп жатат. Бул такыр туура эмес”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан