Коомдук ишмер Азимбек Бекназаровду бүгүн Ак үйгө коопсуздук кызматкерлери киргизбей койгонун Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Равшан Жээнбеков айтып чыгып, депутаттар арасында пикир келишпестик жаралды. Жээнбековдон соң депутат Бөдөш Мамырова сөз алып “Бекназаровду киргизбей жатат” деген сөз айтылса, отуруп алып баарыңар эмне ажылдап жатасыңар? Ал кыргыздын патриот уулу”,- деди.
Өз кезегинде эл өкүлү Акылбек Султанов Бөдөш Мамырованы абайлап сүйлөөгө чакырды. “Ажылдап" деп бизге аялдардын сөзүн сүйлөбөңүз. Бекназаровдун кемчиликтери толтура. Негизи, чоң жыйындар болгон күнү жарандарга Ак үйгө кирүүгө уруксат кагазы берилбейт”,- деп түшүндүрдү эл өкүлү. Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды сабырдуулукка чакырып, бул маселе мыйзам чегинде чечилерин эскертти.