2012-жылы 19-декабрда "Сэнури" консервативдик партиясынын төрайымы Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп шайланган. Пак Кын Хе Корея Республикасынын 11-президенти. 2006-2012- жылдары "Улуу өлкө" партиясынын лидери болгон. 1963-1979-жылдары Кореянын президенти болгон Пак Чон Хинин кызы.
Пак Кын Хе 1952-жылы 2-февралда Түштүк Кореянын Тэгу шаарында төрөлгөн. Ал 1970-жылы Сеулдагы орто мектепти аяктап, андан соң жогорку билимди Соган университетинен алган. Ошондой эле Тайвандагы Кытай маданияты университетин 1987-жылы аяктаган.
1998-жылдан 2012-жылга чейин 3 жолу Түштүк Кореянын парламенти болгон Улуттук Жыйынга “Улуу өлкө” партиясынан депутаттыкка шайланган. 2004-2006-жылдары аталган партияны жетектеген. Ушул доордо бул партия ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду утуп алган. Мунун себебин көпчүлүк Пак Кын Хенин ишмердүүлүгү менен байланыштырышып, ошондон улам ал “Шайлоолор ханышасы” деген лакап атка конгон. 2011-жылы партия өз атын “Сэнури” деп өзгөртүп, бул “Жаңы горизонттор” партиясы дегенди түшүндүргөн.
Жаңы партияны Кын Хе жетектеп, 2012-жылкы парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишип, президенттикке талапкерлигин койгон. “Сэнури” партиясынын президенттикке көрсөтө турган талапкерлигин кароо 20-августта болуп, Кын Хеге партиялаштырынан 103 118 адамдан 86 589 адам добуш берген. Ал эми 19-декабрдагы шайлоодо Кын Хе 51 пайыз менен утушка ээ болгон.
Инаугурация 2013-жылдын 25-февралында болуп, анда дүйнө жүзүнө “Гангнам стайл” ыры менен белгилүү болгон кореялык ырчы Псай ырдап берген. Азем Улуттук жыйындын имаратынын астында 70 миң адамдын катышуусу менен өткөн.
19-декабрга карата жылнаама.