"Ата Мекен" фракциясы: Түндүк-Түштүк кошумча трассасы 2020-жылдан кийин курулуп бүтөт

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирчү жаңы жолдун курулушу 2017-жылы эмес, 2020-жылдан кийин бүтөт деген пикирде. Маалыматты 19-декабрда фракциянын катчылыгы таратты.

Фракция өткөн аптада Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун салынышы талкууланып, анда жол курууда жаралган кыйынчылыктардан улам долбоорго өзгөртүү киргизилип жатканы айтылган эле. Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин бир тарабын казууда таш түшүп, аны тазалоо көп убакытты алып, иш токтоп калганын билдирди. "Демилгечилер жолду 2017-жылы куруп бүтүүнү пландашкан, бирок объективдүү себептерден улам бул мүмкүн эместиги аныкталды. Курулуштун экинчи этабы 2019-жылы гана бүтөт, иш толук түрдө 2020-жылдан кийин аяктайт", - деп билдирди фракция.

Белгилей кетсек, 2014-жылы ошол кездеги транспорт жана жол министри Калыкбек Султанов Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу 2017-жылдын аягында бүткөрүлө турганын айтса, өкмөт 2018-жылы бүтөрүн маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан