“Жамгыр жаап жатканына карабай "Ала-Тоо" аянтындагы митингге 3 миңден ашык адам чогулду”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова айтып, алардын суроо-талаптарын угуу зарыл экенин айтты. “Биз өкмөт чече турган маселени карабашыбыз керек. Жогорку Кеңеш элдики, биз аларды угушубуз керек. Эгерде укпай койсок, нааразы болот, бизге мунун кереги барбы?”- деди Жолдошова. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков депутат Жылдыз Жолдошованы жалган сүйлөбөөгө чакырды. Төрага аянтка 300дөй гана адам чогулганын баса белгиледи. “Жогорку Кеңештин жыйыны радио аркылуу элге түз угузулуп жаткан соң так маалымат беришибиз керек”,- деди төрага.
Айта кетсек, учурда борбордук "Ала-Тоо" аянтында жүргөн кабарчыбыздын айтымында, чогулгандардын саны 300гө жеткен жок.