23-апрелде Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери баңгизат сатып жаткан жеринен Т.А. аттуу 55 жаштагы адамды колго түшүрүштү. Ал аталган шаардын Кичи-Курулуш кичи районунда жайгашкан “Орозбай-Ата” кафесинин алдынан кармалып, текшерүүдө анын жанынан 700 грамм героин табылды. Азыркы учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынганы кабарланды. Эгерде кармалган адамды сот күнөөлүү деп тапса, ал 4-8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.