Сузак районунда каракчылыкка шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын күз айларында Бек-Абад айылына жакын жайгашкан май куюучу жайлардын биринде болгон. Анда саат 16:00 чамасында белгисиз адам операторду тапанча менен коркутуп, кассадагы 9500 сомду алып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Ал мурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеп кеткен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.