Нарын облусунун Ж.А. аттуу 19 жаштагы тургуну Бишкекте милиция кызматкерлерине "Ош базарынын" жанынан бейтааныш 3 кыз күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Арыздын негизинде Ленин РИИБинин кызматкерлери көп узатпай 23-апрелде шектүү катары Ош облусунун 21 жаштагы Э.И. аттуу тургунун камашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.