Бүгүн, 24-апрелде ЖКнын пленардык жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун башкы максаты – мал чарба азыктарын ветеринардык-санитардык жактан коопсуз өндүрүү, жаныбарлардан жана алардан алынган азыктардын эл аралык соодалашуусун өнүктүрүү. Ошондой эле жаныбарларды багууда, көбөйтүүдө, сатууда, союуда жана союлган малдын керекке жарабаган өнүмдөрүн, өлгөн малдын өлүгүн жок кылууда чарбалык мекемелер тарабынан ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышы милдеттендирилет.