"Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын дарегине айтылган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү тастыкталган жок

"Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын дарегине айтылган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү тастыкталган жок. Бул тууралуу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Норузбаев билдирди. "Биз Абдулла Юсупов айткан көрсөтмөлөрдүн негизинде 246 адамды сурактан өткөрдүк. Иликтөө иштеринде анын айткандары тастыкталган жок" деди Кубатбек Норузбаев. Эске салсак, Абдулла Юсупов НТС телеканалы аркылуу Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков, Болот Шер жана "Ата Мекен" партиясынын айрым мүчөлөрү 2010-жылы болгон Апрель окуясында талап-тоноого катыштыгы бар деген маалымат тараткан. Ошондой эле аты аталган депутаттарга карата тергөө иштери ушуну менен аяктаганын Кубатбек Норузбаев белгилеп өттү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан