Быйылкы жылдын президент тарабынан “Иштерман жылы" деп жарыяланганына байланыштуу 1-майда Бишкекте веложарыш жана жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт комитети билдирди. Айтылгандай, жеңил атлетика мелдешине мектеп окуучулары, студенттер, мэриянын кызматкерлери, райондук администрациялар, спорттун ардагерлери катышат. Иш-чара саат 10:00дө башталат. Веложарыш саат 09:40та Тынчтык көчөсү - 303 дарегинен башталып, борбордук "Ала-Тоо" аянтына чейин уланат.