Сергей Лавров: "Орусия элчисин өлтүрүүнүн максаты - Орусия-Түркия мамилесин бузуу"

Орусиянын Түркиядагы элчисин өлтүрүүнүн максаты - жакшырып бараткан Орусия-Түркия мамилесин бузуу. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (сүрөттө) бүгүн, 20-декабрда ушундай билдирүү жасады.

"Президент Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүдө жана өзүнүн элге кайрылуусунда айтты, бул варвардык ишти ойлоп тапкандардын негизги максаты - Түркия менен Орусиянын ортосундагы жакшырып бараткан мамилени үзгүлтүккө учуратуу", - деди Лавров.

Элчини өлтүрүү Сирияда терроризм менен күрөшүүгө тоскоолдук жаратуу үчүн жасалганын, бирок бул максат ишке ашпасын белгиледи министр.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да ушундай пикирде экенин окуядан кийин билдирген.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-декабрда Анкарада жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 19:00дө "Орусия Калининграддан Камчаткага чейин: саякатчынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында элчи Андрей Карловду полицияда 2,5 жылдан бери иштеген Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкер атып өлтүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан