Асылбек Жээнбеков: "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоону комитеттер карашы керек"

Бүгүн, 24-апрелде парламенттик оппозиция Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине “Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо" тууралуу маселени киргизе алган жок. Төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын ар бир жараны “Кумтөр” тууралуу ойлонорун билдирди. “Бирок мыйзамды сыйлашыбыз керек. “Кумтөр” келишимин денонсациялоо маселеси комитеттерде каралышы керек. Муктаждык болсо мен өзүм Азимбек Бекназаров менен жолугушам. Эч ким андан качпайт”,- деди төрага. Ошентип, ЖКнын жыйынында күн тартибине киргизилген маселелер карала баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан