24-апрелде журналисттер менен жолугушкан Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов “Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда туура багытта бара жатат” деп билдирди. Айтымында, 2012-жылы өкмөт тарабынан “2012-2020-жылдары Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруунун Улуттук стратегиясын бекитүү боюнча токтом кабыл алынган. “Биз өткөргөн көптөгөн иш-чаралар ишибиздин башталышы гана. Алдыда боло турган реформанын алкагында чек ара кызматындагы аскердик тартипти чыңдап, коррупция схемасын жоюу пландалууда”,- деди башкы чек арачы.