Токон Мамытов: “Чек ара кызматына тергөө укугу берилиши керек”

“Чек ара кызматы акырындап тергөө укугуна ээ болуш керек”. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов журналисттер менен болгон жыйында билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик чек арадагы делимитация, демаркация маселелерин өкмөт жетекчилери, өкмөттөр аралык комиссиялар чечет. “Окуя тууралуу материалдарды же мыйзамды бузган адамдарды ИИМге же УКМКга өткөрүп беребиз. Андан соң  эмне болгонун биз билбей калган учурлар бар. Мындан улам аягында биз күнөөлүү болуп калуудабыз. Ошондуктан бизге тергөө укугу берилиши керек”,- деди ал.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан