Ысык-Көлдө жырткыч балыктарды өстүрбөөгө багытталган мыйзам долбоору ЖКнын жыйынында каралды

“Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 24-апрелде парламент жыйынында үчүнчү окууда каралды. Долбоорду жыйынга Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Эсенгул Исаков алып чыкты. Мыйзам долбоорунда Ысык-Көлдө бөтөн жерден алынып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүү боюнча чарбалык ишке тыюу салуу сунушталган. Ошондой эле долбоор аркылуу көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого гана уруксат берилип, ал эми өнөр-жайлык балык уулоого тыюу салынат. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан