ЖЫЛНААМА, 21-ДЕКАБРЬ: Грузиянын 3-президенти, мамлекеттик жана саясий ишмер Михаил Саакашвили 49 жашка толду

Грузиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, Грузиянын 3-президенти Михаил Саакашвили 49 жашка толду. Ал 1967-жылы 21-декабрда Тбилиси шаарында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1992-жылы Киев Эл аралык мамилелер институтунун эл аралык укук факультетин кызыл диплом менен аяктаган соң, АКШ департаментинин стипендианты катары Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетине жөнөйт. Анда 1994-жылы укук боюнча магистрдик даражаны алган. Кийин Страсбургдагы Адам укуктары университетинде билим алуусун улантып, ушул эле тармактагы Флоренция жана Гаага академияларын да бүтүрөт. 1995-жылы АКШдагы Жорж Вашингтон атындагы университетте докторлук диссертациясын жактайт. Михаил Саакашвили англис, француз, орус, украин жана испан тилдерин билет.

Чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, саясатка 1995-жылы досу, Грузиянын атактуу саясатчысы Зураб Жваниянын чакыруусу менен келип, “Грузия жарандарынын союзу” деген партиядан депутат болуп шайланган. 2000-жылы 33 жашында Грузиянын юстиция министри болуп дайындалган, бирок бир жылдан кийин эле ошол учурдагы Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзени жана өкмөт мүчөлөрүн паракор деп күнөөлөп, өз арызы менен кызматынан кеткен.
Өзү оппозициялык “Улуттук кыймыл” уюмун түзүп, 2003-жылы 3-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого катышат. Оппозициялык блок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, каршылык акцияларын баштайт. Ошентип, 22-ноябрда оппозициячылар парламентке кирип, аны басып алышат. Эдуард Шеварднадзе отставкага кетүүгө аргасыз болуп, 2004-жылдын январь айында Михаил Саакашвили Грузиянын 3-президенти болуп шайланган. Ал эми 2015-жылдын 30-майынан баштап 2016-жылдын 9-ноябрына чейин Одесса облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп эмгектенген.
21-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан