22-апрелде Суусамыр өрөөнүндө, тактап айтканда Бишкек-Ош унаа жолунун 200-чакырымында Мерседес Бенц унаасы кырсыкка учурады. Ал жогорку ылдамдыкта бара жатып жолдон аласалып кеткен. Чүй ОИИБи билдиргендей, окуядан 30 жаштагы айдоочу Шумкарбек М., анын аялы 23 жаштагы Анара Т. жана балдары 3 жаштагы Ташбаатыр К. менен Адилет Ш. каза тапты. Дагы 3 адам оор жаракат алып ооруканага жеткирилди. Учурда окуя боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.