Өкмөттүн делегациясы Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы 21-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, делегациянын курамында КРнын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, КРнын Евразиялык экономикалык бирлигиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев бар.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. Жыйындын күн тартибинде соода, транспорт, өнөр жай, бажы тарифин жөнгө салуу жана ветеринардык көзөмөл багытындагы 18 маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан