Учурда борбор шаардагы "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан оппозициянын митингинде Ош облусунан келген аксакал Турганбай Абдыразаков сөз сүйлөдү. "Учурда өлкөдө парламенттик башкаруу эмес, камоо боюнча башкаруу болуп калды",- деди ал. "Ата Журт" партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов болсо, митингге чогулган энелерге Ак үйгө кирип, депутаттар менен жолугушууну сунуштады. Ошондой эле митингге чыккандар "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди камактан жана өлкөдөн чыгарып жиберүүгө күнөөлүү Башкы прокурор, Акыйкатчы жана башка кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышууда.