ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 58 жашка толду

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 58 жашка толду. Ал 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
- 1981-жылдын ноябрь айынан тартып 1983-жылдын декабрына чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1984-жылы армиядан кайткан соң ошол эле Токтогул айылындагы №5-орто мектебинде мугалимдик кесибин уланткан.
- 1986-жылдын апрелинен тартып 1987-жылдын октябрь айына чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда лаборант, андан соң улуу лаборант болуп иштеген.
- 1987-1991-жылдары физика жана математика мугалими болуп орто мектепте иштеген.
- 1991-жылдын апрель айынан тартып Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында Антимонополдук жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча башкармалыгында иштеген.
- 1991-1992-жылдары СССРдин Жогорку Кеңешинин мүчөсү, Республикалык Кеңештин Юридикалык суроолор боюнча комитетинин мүчөсү болуп Москва шаарында иштеген.
- 1992-жылдын аягынан тартып 1994-жылдын февраль айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
- 1994-жылдын ноябрь айынан тартып “Ата Мекен” саясий социалистик партиясынын төрагасы болуп иштеп келет.
Кыргыз ССРинин XII чакырылышынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын I жана II чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2000-2001-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары болуп иш алып барган.
2002-жылы Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болуп дайындалат. 2005-жылдын март айында №26-Акман шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган, андан кийин төрагалык кызматты аркалаган. Ошол эле жылы Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп дайындалат.
1995-жылы, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердигин койгон.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланса, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутат болгон.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

22-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан