Данияр Жаныкулов: "Бизге өлкөнү жакшы башкарган, темирдей катуу адам керек"

"Ата Журт" партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов бүгүн, 24-апрелдеги оппозициянын митингинде буларды айтты: "Мэр Иса Өмүркуловдун уулу унаасы менен 3 адамды сүзүп өлтүрүп, кийин тааныш-билишин ортого салып жоопкерчиликке тартылбай калды. Чоңдордун балдары армияга барышпайт. Эгерде Кыргызстанда бир кокустук болуп кетсе, өзүбүзгө эле жаман болот. Армиябыз алсыз. Өлкө башына темирдей бекем, тартипти катуу кармаган адам келиши керек". Митингге келгендер учурда наабай нан жана суу менен өзөк жалгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан