Ирандын президенти Хасан Роухани бүгүн, 22-декабрда Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Хасан Роухани жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Иран менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуунун мындан аркы өнүгүшүн жана абалын талкуулашмакчы. Эки өлкө башчылары эл аралык мамилеге байланышкан суроолордун үстүндө пикир алышат жана бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары Иран өлкөсүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен да жолугары белгилүү болду.
Расмий иш сапардын алкагында Хасан Рухани эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана бизнес-бирикмелеринин өкүлдөрү катышкан бизнес-форумга да катышат. Аталган форум 23-декабрда Бишкек шаарында өтмөкчү. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу жана экспорт боюнча агенттигинен билдиришти.
"Аталган форумду уюштуруунун максаты эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилени жакшыртуу жана кеңейтүү, расмий байланыштарды бекемдөө жана Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык потенциалы менен Иран мамлекетинин башчылыгын жакындан тааныштыруу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.