Бишкекте митингге чыккан 30дай Баатыр эне Ак үйгө депутаттар менен жолугушууга кетишти
Бишкекте оппозициянын митингине келген 30дай Баатыр эне учурда Ак үйгө, депутаттар менен жолугушууга кетишти. Алар эл өкүлдөрүнө "митингде айтылган талаптарга депутаттар жооп беришсин. Чогулгандардын алдына келип сүйлөшсүн" деген сырттагы митингчилердин талаптарын айтышат. Ал эми сыртта чогулгандар "талаптар аткарылмайынча кетпейбиз" дешүүдө.