Каныбек Иманалиев: "Ысык-Көлдө дин өкүлдөрү балдарды мектепке жөнөтпөөгө үгүттөп жатышат"

Ысык-Көлдө диний уюмдардын өкүлдөрү айылдарды кыдырып, балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырык жасап жатышат. Бул тууралуу 22-декабрда парламентте депутат Каныбек Иманалиев билдирүү жасап, бул кырдаалга өкмөттү ыкчам реакция жасоого чакырды. Мындай маалымат тараганына 1 аптадан ашканына карабай Башкы прокуратура үн катпай жатканын сындаган депутат:

"Бул конституциялык түзүлүштү бузуу, урматтуу молдокелерди шайлоодо пайдаланып жүрүп аягы эмнеге алып келди? Ким мектепке барып, ким барбашы керектигин айтып бизге акыл үйрөтө баштады. Диний кырдаал бүгүн Европаны титиретүүдө. Жакында тажикстандык профессор "биздин 25 жылдагы эң чоң жетишкендигибиз - дин менен мамлекеттик башкарууну ажырата алганыбыз" деп айтты. Биз болсо, тескерисинче, динди мамлекетке аралаштырып жатабыз. Буга чагылгандай ыкчам чара көрүү керек, мунун аягы жакшылыкка алып барбайт", - деди.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бул боюнча премьер-министр тийиштүү мекемелерге тапшырма бергенин, көрүлгөн чаралар боюнча кошумча маалымат бериле турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан