Бишкек-Ош унаа жолунун 253-чакырымында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, сөөк Чычкан суусунан табылган.
"Белгисиз эркек кишинин жансыз денеси кечээ, 21-декабрда саат 18:45 чамасында табылды. Куткаруучулар аны суудан чыгарып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.