Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мэлис Мамбетжановдун парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Нурлан Макеев менен интернет аркылуу кайым айтышканы Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.
Депутат Айтмамат Назаровдун айтымында, аталган чиновник комитеттин отурумдарына ар кандай шылтоолор менен келбей жатты. "Комитеттин төрагасы Макеев ага эскертүү берди. Мамбетжанов өз кезегинде депутатты күнөөлөй баштады. Өкмөт өкүлү иш бөлмөсүндө отуруп, парламенттин депутаты менен интернет аркылуу кайым айтышса, Макеев күнөөлүүбү? Ал чиновник башкаларга кандай мамиле кылганы белгилүү болуп калды. Бизде этика боюнча комиссия бар. Бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүп, расмий түрдө жооп берсин", - деп талап кылды депутат Назаров.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы М.Мамбетжанов акыркы төрт айдан бери ооруп жатканын айтып, Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумдарына катышпай, өзүнүн орун басарларын жөнөтүп турган. Алар депутаттардын суроолоруна так жооп бере алышкан эмес. Мындан улам жыйындар жыйынтыксыз калганына комитеттин төрагасы нааразы болуп, Мамбетжановго эскертүү берген. Фонддун төрагасы басма сөз кызматы аркылуу "Макеев жеке таарынычынан улам фондго жөнү жок асылып жатат" деген билдирүүнү интернеттен тараткан.