“Өлкөдө болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн орун алышына кайсы бир деңгээлде, балким, биздин да күнөөбүз бар. Баарын жакшылап карап, терең ойлонуп көрөлү”,- деп кайрылды оппозициянын митингине келгендерге “Энелер” комитетинин төрайымы Жаңыл Токтогулова. Анын айтымында, жогорку бийликте отургандарда намыс калбады. "Аларга караганда биз акпыз, ошол себептен ушинтип өз талаптарыбызды ачык коюп эл алдына чыгып жатабыз",- деп кошумчалады ал.