Депутат: "Аксыдагы Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасына күзөт кызматы керек"

Аксы районундагы Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында күзөт кызматы жок, оорукана кызматкерлери өздөрү күзөткө туруп жатышат. Бул тууралуу 22-декабрда парламент жыйынында депутат Алмазбек Эргешов айтып, өкмөттү аталган жайдын абалына көңүл бурууга чакырды. Депутат Кызыл-Жар айылында 5 миң адам жашаарын, айылда таза суу маселеси да курч экенин белгиледи. Эргешовдун айтымында, Кызыл-Жарды Таш-Көмүр шаары менен байланыштырып турган жол дагы оңдоп-түзөөгө муктаж.

Эскерте кетсек, 2014-жылы 17-февралда Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан учурда ооруканадагылар ызы-чуу чыгарышып, укук коргоо кызматкерлерине кол көтөрүшкөн. Текшерүү аталган ооруканадан качып кеткен Заур Магомедов боюнча жүргүзүлгөн эле. Ооруканадан качкан Магомедов 9-февралда Балыкчы шаарында эки милиция кызматкерин атып, качып кеткен. Эртеси ал шериги менен Токтогул шаарында атылып өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан