Бүгүн, 22-декабрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы Чүй облусунда өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган кыздардын иши көзөмөлгө алынганын билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда жергиликтүү тургун 7 жана 11 жаштагы кыздарын зордуктап жүргөн. Анын бул кылыгы билинип, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында кармалып, Бишкектеги тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Улуу кызы атасы тарабынан бир канча жолу сексуалдык зомбулукка кабылганын айткан. Жүргүзүлгөн экспертиза да анын зордукталганын тастыктаган.
Айта кетсек, атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылышкан кыздар чоң энеси менен бирге турушат. Кыздардын апасы аларды кайненесине таштап кетип калган. Учурда анын кайда экени белгисиз.