Биринчи вице-премьер австриялык ишкерлерди кабыл алды

Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев австриялык ишкерлерди кабыл алганын Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Жоомарт Оторбаев ишкерлерге Кыргызстандын инвестицияны тартуу жана туризмди өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле вице-премьер Кыргызстан Борбор Азиядагы соода борбору экенин белгиледи. Ал эми австриялык өкүлдөрдү жетектеп келген Хайсн Волтер инвестиция тартуу үчүн Кыргызстандын ишкерлерин Австрияга келип кетүүсүн айтты. "Биз Кыргызстан менен узак убакытка кызматташкыбыз келет. Андыктан Кыргызстан тарап биз жакка келип, өздөрүнүн презентациясын тартуулап кетишсин. Жакында бизге Казакстандан атайын өкүлдөр келип, сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык берди",- деди Волтер мырза. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан