"Сакал" каймана аты менен белгилүү Улан Токтосунов 17 жылга эркинен ажыратылды

"Сакал" каймана аты менен белгилүү Улан Токтосунов 17 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү чечимди бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ошондой эле, соттун чечимине ылайык, Зыпарбек Алиев 18 жылга, Дастан Таштанбеков 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Адилет Казаков 2015-жылы 14 жылга соттолгон болчу.

Айта кетсек, 2015-жылдын 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районунда белгисиз адамдар кылмыштуу чөйрөнүн мүчөсү Дамир Сапарбековду үйүнүн кире беришинен атып кетишкен. Сапарбеков алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Бул кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган Улан Токтосунов, 1986-жылы туулган Зыпарбек Алиев, 1990-жылы туулган Адилет Казаков кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Romantik.
2016-12-22 18:35:44
Булар чыгыр кетет эки жылдан кийин.
+8
barakcha
2016-12-22 18:36:35
Муну эртен эле койо беришет.
+9
dina1983-19
2016-12-22 20:36:39
barakcha,кызыл килем салып дегин
+7
NURTILEK_KG
2016-12-22 22:09:57
чыгып кетсе деле кийин кудайдын алдында жооп берет
+3
leilek_suluktu
2016-12-23 01:10:49
кулумсуроп туратко мен барибир чыгып кетем деп
+2
Azizbek.kg8
2016-12-23 02:26:32
Ишенбей буларга 14,15жыл дегендерине
+2
Mirzohidjon
2016-12-23 03:44:35
"Бул Маймыл жылы" көбүн маймыл кылып ойнотту го чиркин, айрыкча биздин шепболумушубуз кайсы өлкөгө барса ошол жактын окобунан чыга калып аябай уят болдук го чиркин (Мирзохиджон Халил тегин)
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан