КҮНСЕРЕП: Диний үгүттөр коркунуч жаратууда

Бүгүн, 22-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Жаш мугалимдин депозити" долбоору токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Жаш мугалимдердин алыскы аймактарда отурукташып, иштеп калышы үчүн жана аларга стимул берүү максатында өкмөт депозит долбоорун баштаган. Аталган долбоорго сынак аркылуу өткөн жаш мугалим 3 жыл өз кесиби менен иштеши керек болчу. Бул арада мугалимдин банктык эсебине ай сайын 2 миң сомдон (2004-2009-ж.ж.), кийин 3 миң сомдон (2009-жылдан тарта) которулуп келген. 3 жылдык мөөнөт бүткөндө чогулган акча жаш мугалимге берилет. 2004-жылдан тарта башталган бул долбоорго, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2 миңден ашуун жаш мугалим катышып, аларга жалпысынан 193 миллион 392 миң сом төлөнүп берилген. Учурда долбоорго катышкан 52 мугалим декреттик өргүүлөрдөн улам программаны жыйынтыктай элек. Алар 3 жыл иштеп бүткөн соң 5 миллион сом берилиши керек. Мындайча айтканда, мамлекет аларга карыз. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган долбоорду улантуу керектигин айтууда. Бирок “Жаш мугалимдин депозити” программасы мугалимдерге эч кандай стимул боло албайт деген сындарга кабылган. Чынында эле өлкөдөгү жогорку окуу жайлары жыл сайын 5 миңге чукул жаш мугалимди чыгарып турганына карабай бул долбоор алыскы аймактардагы мугалимдердин жетишпестигин жоё алган жок. Биздин өлкөдө мугалимдердин айлыгы 6 миң сомдон жогору. Мындай айлыктын ордуна көпчүлүгү башка тармакта же башка өлкөгө кара жумуш издеп кеткенге аргасыз болот.

Орусияда мугалимдер иш тажрыйбасына, категориясына жана жакшы окуган балдардын санына карата айлык алышат. Жакшы окуган балдардын санына карата кошумча бонус берүү иш тажрыйбасы, категориясы жок жаш мугалимдер үчүн өзүнчө стимул болот жана билим берүүнүн деңгээлин да жогорулатат. Ал эми коңшу Казакстанда “Болашак” долбоорунун алкагында айыл жергесиндеги мугалимдер чет өлкөдө окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул аталган өлкөлөрдө жаш мугалимдерди кызыктыруу үчүн жасалып жаткан иштердин айрымдары гана. Бизге бир эле убакта билим сапатын да, мугалимдин ишке кызыгуусун да арттырган универсалдуу долбоор керек. "Эптеп 3 жыл чыдайм, анан 100 миң сом алам" деген максат мугалимдин иш сапатын жакшыртпасы анык болду...

Ысык-Көлдө диний уюмдардын өкүлдөрү айылдарды кыдырып, балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырык жасап жатышат. Бул тууралуу 22-декабрда парламентте депутат Каныбек Иманалиев билдирүү жасап, бул кырдаалга өкмөттү ыкчам реакция жасоого чакырды. Мындай маалымат тараганына 1 аптадан ашканына карабай Башкы прокуратура үн катпай жатканын сындаган депутат: "Бул конституциялык түзүлүштү бузуу. Жакында тажикстандык профессор "биздин 25 жылдагы эң чоң жетишкендигибиз - дин менен мамлекеттик башкарууну ажырата алганыбыз" деп айтты. Биз болсо, тескерисинче, динди мамлекеттин иштерине аралаштырып жатабыз", - деди. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бул боюнча премьер-министр тийиштүү мекемелерге тапшырма бергенин, көрүлгөн чаралар боюнча маалымат бериле турганын айтуу менен чектелди.

Баш мыйзам боюнча, Кыргыз мамлекетинде дин мамлекеттик башкаруудан тышкары. Иш жүзүндө дин ишмерлери элди башкарууга, атүгүл “муну шайла, тигини шайлаба” деп саясий иштерге да эчак аралашып, өз бийлигин жүргүзө баштаган. Эмдөөгө болбойт, мектепке барууга болбойт, Жаңы жылды майрамдоого болбойт жана башка дагы толгон-токой “болбойттор”. Мындай үгүттөр коомчулукту эки лагерге бөлүп, ич ара тирешүүгө чейин жеткирери Чубак Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин окуясында белгилүү болду. Ак-караны өз алдынча таанып-билүүгө билими жетишсиз, жашоо шарты начар, коррупциялашкан, жөнөкөй калктын кызыкчылыгы корголбогон коомдо радикалдашуу тез жүрөт жана аягы мамлекет үчүн коркунучтуу. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал бул коркунучту эселеп өстүрүүдө. УКМК, Дин иштери боюнча комитет, Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку Кеңеш, ИИМ, дегеле саясатчылар, өлкө жетекчилиги бул коркунучка олуттуу мамиле кылуусу зарыл...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан