Иран тарап Кыргыз жергеси аркылуу өтчү Иран-Кытай темир жолунун курулушуна кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, бул курулушту ишке ашыруу үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. "Бул маселе Иран менен Кыргыз мамлекетинин президенттеринин жолугушуусунда талкууланмакчы", - деди аталган темир жол тууралуу Исаков.
Мындан тышкары ал Ирандын башчысы Хасан Роуханинин иш сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы-Иран 10 жылдык кызматташтык программасы кабыл алынарын баса белгиледи. "Иран коңшу мамлекеттерге, Кыргыз Республикасына да түз инвестицияларды бөлүп берүүгө даяр. Иран тарап өзүнүн продукцияларын Евразиялык экономикалык биримдигине экспорттоого кызыкдар", - деп билдирди Исаков.
Айта кетсек, бүгүн, 22-декабрда Ирандын президенти Хасан Роухани Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди. Расмий иш сапардын алкагында Ирандын лидери эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана бизнес-бирикмелеринин өкүлдөрү катышкан бизнес-форумга да катышат. Аталган форум 23-декабрда Бишкек шаарында өтмөкчү.