Азимбек Бекназаров "Кумтөр" тууралуу келишим сөзсүз денонсация болот" дейт

“Кумтөр” боюнча келишим денонсация болоруна ишенерин Азимбек Бекназаров бүгүн, 24-апрелде борбордук аянтта өтүп жаткан митингде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул маселени азыр кароого мүмкүнчүлүк жоктугу тууралуу парламенттен билдирүү келди. “Азырынча карай албайбыз дегендерине караганда биздин мыйзам долбоорду жакын арада карап беришет. Себеби биз бир дагы мыйзамды бузган жокпуз. Мыйзам долбоору "Республика" фракциясында каралып жатканда, эгерде келишим денонсация болбосо, анда депутаттар мандаттарын тапшырып, таркап кетишерин айтышкан. Эгерде эл ушундай талап менен тура берсе, сөзсүз түрдө мыйзам долбоору колдоо табат”,- деди Бекназаров. 

Азимбек Бекназаров "Кумтөр" тууралуу келишим сөзсүз денонсация болот" дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан