Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыгын чыгарды.
Референдумда тизмедеги 2 миллион 816 423 шайлоочунун 1 миллион 190 752си добуш бергени айтылды. Бул добуш берүүчүлөрдүн 42,28 пайызын түзөт. Баш мыйзамды өзгөртүүгө "макул" деп добуш бергендер 948 185 жаран же добуш бергендердин 79,63 пайызы. "Каршы" деп добуш бергендер 185 140 жаран же добуш бергендердин 15,55 пайызы. БШК расмий түрдө референдумду өттү деп тааныды. Тийиштүү токтом кабыл алынып, президентке жиберилди.