Ош шаарында 9-Май майрамын белгилөөгө 344 миң сом бөлүндү

Ош шаарында Улуу жеңиштин 68 жылдык мааракесин белгилөөгө 344 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чараны өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, комитеттин төрагасы болуп Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаков дайындалды. Белгилей кетсек, 9-Майда аталган шаардын борбордук аянтында шаар ардагерлеринин, студенттердин, күч органдарынын жана шаар активдеринин катышуусу менен парад болуп, театралдаштырылган оюн-зоок көргөзүлмөкчү. Учурда аталган иш-чараларга даярдыктар күн сайын жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан