14 жаштагы окуучу "классташын бычактаган" деп шектелип кармалды

“14 жаштагы мектеп окуучусу “классташын бычактаган” деп шектелип кармалды”. Бул маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, Чүй облусунун Лебединовка айылынын 45 жаштагы А.О. аттуу тургуну милицияга кайрылып, анда “уулумду 23-апрелде №2-мектеп гимназиясынын окуучусу эки ирет бутуна бычак менен сайган” деп айткан. Окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүшүп, шектүү катары аталган гимназиянын 14 жаштагы Э.Н. аттуу окуучусун кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан